DiscoverКиши
Киши
Claim Ownership

Киши

Author: Elmurat Ashiraliev

Subscribed: 17Played: 109
Share

Description

“Киши” подкастына куш келиңиз!

Бул Кыргызстандагы диний ишенимдер жана салттар жөнүндө маалымат бөлүшүү аянтчасы.

Ар бир чыгарылышта ар түрдүү ишенимдеги кыргызстандыктар өздөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашы жөнүндө айтып беришет. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat
18 Episodes
Reverse
Бул эпизод ырчы жана аткаруучу Фатима Султанова жөнүндө болмокчу. Ал өзүнүн жан дүйнө дабышына кантип кулак сала баштаганы жөнүндө айтып берет.
15. Улан • Ulan

15. Улан • Ulan

2022-01-0518:34

Улан бул эпизоддун каарманы. Ал ишеними жашоосунда кандай багыт берип келатканын айтып берет. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat
14. Асел • Asel

14. Асел • Asel

2021-07-0513:45

“Киши” подкасты кайрадан ободо! Кезектеги эпизоддо бахаи коомунун өкүлү Асел өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Подкаст жакса, дос-тааныштарыңыз менен да бөлүшүп коюңуз. Өз ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышсаңыз болот https://t.me/aelmurat
Ушуну менен Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезонду жыйынтыктайбыз. Бул сезондун акыркы эпизодунда эки мейманым өз ишеними жөнүндө ой бөлүшөт. Сиз дагы тутунган диниңиз же карманган ишенимиңиз жөнүндө айтып бергиңиз келсе, мага байланышыңыз. Бонустук эпизоддор аркылуу амандашканча!
Бул эпизоддо Карагат менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы буддизмдин ордун жана маанисин түшүндүрүп берет.
Бүгүнкү чыгарылышта Кайырбектин окуясы менен таанышасыз. Ал өз жашоосундагы машаякчылыктын орду жөнүндө айтып берет.
Бул эпизоддо эки мейманым бар. Бири Нурбек. Ал ислам динин тутунуп жашоого Саид Нурси аттуу ойчулдун эмгектери салым кошкону жөнүндө ой бөлүшөт. Экинчиси Эрмамат болсо бир мусулман катары бул жашоодо башкы максаты эмне экенин түшүндүрүп берет.
Бул чыгарылышта Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы маанисине токтолот. 
Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган 2-сезон башталды. Бул сезонду Рухидиндин окуясы менен ачабыз. Ал “Кришна аң сезими боюнча эл аралык коому” (ISKCON) деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет.
“Киши” подкастына куш келиңиз! Экинчи сезонду баштоо алдында турабыз. Бул сезон Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналат.
“Кийиз дүйнө” коомдук фонду түптөлгөндөн бери эмне иштерди жасап келатканын жана маданий мурастарды сактоо кандай мааниге ээ экени туурасында уюмдун жетекчиси Айдай Асангулова айтып берет.
Ичкилик, көчөдө жашаган күндөр, өмүрдүн маңызын аңдап түшүнүү… Селсаяктарды жашоого кайтаруу Муса Иманалиев үчүн кандай мааниге ээ? Анын уюму азырынча кайрымдуу адамдардын көмөгү менен иш алып барууда. Келечекте өзүн-өзү каржылап, керек болсо жардамга муктаж болгон коомдун башка аялуу катмарларына кол сунуп иштегиси келет. Муса Иманалиев “Уюм менден кийин деле кызмат кылышы керек, ошого аракет кылып жүрөм” деп беш жыл мурун айткан сөздөрүн азыркы күнгө чейин карманып келет. "Киши" подкастынын 1-сезону ушуну менен аяктады. Жаңы сезон аркылуу амандашканча!
Ата-энеси бар, бирок ата-энесине кереги жок балдар, жетим-жесирлердин билимине жардам — бул келечекке инвестиция, кыялы жана ой-максаты жок жаштар… Эмне үчүн Мээрим Осмоналиева тоголок жетим балдар жана ата-энеси бар туруп кароосуз калган балдар менен иштеп калган? КАЙРЫЛУУ: Азыркы күндө коронавирустун айынан өзгөчө абал жарыяланган убакта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү азык-түлүксүз жана гигиеналык каражаттарысыз калуу коркунучунда турат. Аларга жардам бериш үчүн “Оэзис Кыргызстан” уюмунун ЭЛСОМ капчыгына акча которсоңуз болот. ЭЛСОМ капчыктын номери 0770554503.
Сүрөт көргөзмөгө кимдер келет, коомго кантип таасир берүүнү каалайт, сүрөтчүнүн максаты — сезимди ойготуу… Төлгөбек Койчуманов көркөм өнөр тармагындагы жүрөк өйүткөн маселелер жана КОБ кантип жаралып калганы жөнүндө айтып берет.
Башкы көйгөй — тамак-аштын сапаты, эл жок — бизнес жок, бир бизнес жабылышы мүмкүн, бирок… “Шекер эмес” долбоорун Эрулан Көкүлов эмне үчүн жасайт?
Феминизмге байланыштуу калыптанган көз караштар, аймактарда өткөргөн көргөзмөлөр, “Жогорку Кеңештин гүлдөрү”… Аялдардын эл аралык күнүнө арналган чыгарылышта Алтын Капалованын окуясын сунуштайм.
Бекер дүкөн, бейтаптарга берилген жардам, салынган үйлөр, алдап кайрылгандар... Кайрымдуулук Азамат Байматов үчүн кандай мааниге ээ?
Жаңы “Киши” подкастына куш келиңиз! Биринчи сезон 2020-жылдын 20-февралында башталат. Бул сезондо коомду жакшы жакка өзгөрткүсү келген жана ал үчүн өз салымын кошкон кишилер менен тааныштырам.
Comments (1)

Ismailov Ermek

👍

Mar 5th
Reply
Download from Google Play
Download from App Store